Чүйдөгү Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Азыр жоопко тартылышпайт. Өзүнө өрт коем деген аялдар ушу ишемби күнү саат 10:00дө Марипов менен жолугушат. Анда болгон маселелер чечилет», — деди Тентишев.
Эске салсак, бүгүн эртең менен насыянын айынан 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Анда 2 аял премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушуп келген.