• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Инаугурация учурунда 2500дөн ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыз кылат

27 Үчтүн айы 2021 17:04 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 28-январында ИИМдин тиешелүү кызмат бөлүктөрү жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштешет. Ошол күнү 2500 ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарындагы Манас, Чынгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги чейинки жолдордо, каршы тилкелерде коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына эч кандай чектөөлөр киргизилбейт.

Негизги трассадагы жол кесилиштердеги эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле кыймылда болот. Эң негизгиси атайын кортеж өтүп бараткан убакта кана бир нече секунддарга гана кайчы жолдогу транспорттор кыймылын токтотот, кыймылда бараткан автоунаалар жолдун четине бир нече секунддарга гана токтойт.

Жолдордогу коопсуздукту камсыз кылуу ИИМдин Жол коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине жүктөлөт.

ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдордун боюнда калтырып кетпөөңүздөрдү жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу коомдук тартипти сактоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жүрүшүн Бишкек шаарынын тургундары менен меймандарын түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат.

Количество просмотров: 59