3 жыл 2 ай Башкы Прокурордук кызматты ээлеп турган Индира Жолдубаеванын учурунда көптөгөн саясатчыга иш козголуп, айрымдары камалып кетти. Көпчүлүк саясатчы, депутаттар Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыккандыктан, Индира Жолдубаева Башкы прокуратураны саясий куугунтуктун куралына айлантып жибергени айтылууда.