• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Индия экспортко жөнөтүлө турган жөтөлгө каршы сиропторду милдеттүү түрдө тесттен өткөрө баштайт

23 Бугу 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

Индия дары-дармек өндүргөн компанияларды экспортко жөнөтөрдүн алдында жөтөлгө каршы сиропторду тесттен өткөрүүгө милдеттендирет. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкө өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна шилтеме кылып кабарлады.

Буйрукка ылайык, жөтөлгө каршы кандай гана сироп болбосун чет өлкөгө жөнөтүлөрдүн алдында мамлекеттик лабораториянын тастыктамасын алышы керек. Мындай эреже 1-июндан тарта күчүнө кирет.

Индиянын жүгүртүмү 41 миллиард долларга жеткен фармацевтикалык өнөр жайы дүйнөдөгү эң ири дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. Анын репутациясы былтыр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) үч индиялык компаниянын жөтөлгө каршы сиропторунан уулуу диэтиленглиголь жана этиленгликоль заттарынын ашыкча көлөмү аныкталганын билдиргенден кийин начарлап кеткен.

Өткөн жылы индиялык Marion Biotech компаниясы өндүргөн жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» жана «Амбронол» сиропторун ичкенден кийин Гамбияда 70, Өзбекстанда 19 бала каза болгон.

Өзбекстандын бийлиги декабрдын соңунда аталган дарыны өлкө аймагында сатууга тыюу салган. Ушундай эле чечимди Кыргызстан да кабыл алган.

Количество просмотров: 67