• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү маселеси талкууланды

9 Аяк оона 202517:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Wingspan Group компаниясынын төрагасы жана башкы директору Нираж Ратхи менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жарандык авиация тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аба каттамдарын, индиялык туристтерди тартуу жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин тастыктап, бул туризмдин, инвестициялык кызматташуунун жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Элчи Аскар Бешимов түз аба каттамдарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул бизнес жана маданий алмашууларды стимулдаштыраарын белгиледи. Өз кезегинде Нираж Ратхи Кыргызстандын туристтик жана транзиттик борбор катары жогорку потенциалы бар экендигин белгилеп, кыргыз тарап менен мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды илгерилетүү ниетин билдиришти.

Количество просмотров: 120