• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Индия кыргыз тарап менен аялдардын ишкердүүлүк программаларынын алкагында өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди

25 Жалган куран 2021 13:21 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Индиядагы
Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар жана
балдар маселелри боюнча Министри Смрити Зубин Ирани айым менен
жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргызстан менен Индиянын
ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгилеп,
аялдар ишкердигин жана текстиль бизнесин өнүктүрүүдө
кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
Министр кыргыз тараптын сунушун колдоп, Индиянын
Кыргызстанга болгон чоң урматтоосун эске алганда, эки мамлекеттин
ортосундагы кызматташтыкты аялдардын ишкердүүлүгү боюнча иштеп
жаткан программалардын призмасы аркылуу кеңейтүү мүмкүн экендигин
белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар төмөнкү келишимдерге
келишти:

  • кыргыз кол өнөрчүлөрү үчүн текстиль өнөр жайындагы алмашуу
    программаларын карап чыгуу;
  • эки өлкөнүн ортосундагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча
    микро-ишканаларга же уюмдарга насыя берүүнү караган «Мудра Йожана»
    сыяктуу натыйжалуу программаларды мамлекеттик деңгээлде даярдоо
    боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • эки өлкөнүн баалуулуктары, каада-салты жана маданияты менен
    таанышуу үчүн мектеп окуучулары үчүн алмашуу программаларын
    караштыруу;
  • кол өнөрчүлүк өндүрүшү жана колдонмо искусствосу боюнча
    тажрыйба жана көндүмдөр менен алмашуу.
    Маалымат үчүн: Смрити Зубин Ирани айым 2011-жылы Гуджарат
    штатынын атынан Индия парламентинин жогорку палатасы Раджья
    Сабхага шайланган. 2017-жылы август айында Гуджарат штатынан
    Раджья Сабхага кайрадан шайланган. 2019-жылдагы жалпы шайлоодо ал
    Индиянын төмөнкү палатасы Лок Сабхага шайланган.
    Буга чейин төмөндөгү кызматтарда иштеп келген:
  • Индиянын учурдагы башкаруучу «BJP» партиясынын аялдар
    иштери боюнча улуттук вице-президенти жана улуттук президенти;
  • 2014-жылдын май айынан 2016-жылдын июль айына чейин Адам
    ресурстарын өнүктүрүү министри;
  • 2017-жылдын июлунан 2018-жылдын майына чейин Маалымат
    жана радиоуктуруу министри.
    Ал Индиянын Өкмөтүндөгү эң жаш министр жана Адам
    ресурстарын өнүктүрүү жана текстиль иштери боюнча министр
    кызматын ээлеген биринчи айым.

Ирани айым Дүйнөлүк экономикалык форумдун чечими менен
Индиянын 2015-жылдагы жаш глобалдык лидери деп табылган.
Анын «Фейсбук» социалдык тармагындагы жазылуучуларынын
саны 5 миллион адамды түзөт, ал эми Твиттерде аны 11 миллион
адам окуйт.

Количество просмотров: 66