• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Индияда чагылгандан 51 киши каза тапты

26 Теке 201910:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Индиянын чыгышындагы Бихар жана Джаркханд штатында чагылгандан улам эки күн ичинде 51 адам каза болуп, 9у жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«Джамтара аймагында 5 адам каза болуп, бир адам жабыркаган. Алардын баардыгы жамгыр башталганда жакынкы көлмөдөн келе жатышкан. Чагылган урганда алар көпүрөнүн алдында болчу», — деп жазылат маалыматта.

Андан тышкары, Бихар штатында 39 адам, Джаркханде штатында 12 адам каза болгон. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун туугандарына компенсация төлөп берүүгө акча бөлгөн.

Количество просмотров: 53