Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Индонезиянын бийлиги борбор калааны Жакартадан башка жерге көчүрүүнү чечти. Мунун бирден-бир себеби унаа тыгындары жана өтө тездик менен суу каптап жатканы болууда, — деп жазат жергиликтүү басылмалар.
Учурда борборду кайсыл шаарга көчүрөөрү так айтыла элек. Бирок, Индонезияда борборду жылдыруу маселеси көптөн бери эле талкууланып келген. Буга себеп болгон дагы бир жагдай — унаа тыгыны. Расмий маалыматка таянсак, унаа тыгындарынан арылуу үчүн өкмөт жыл сайын 100 триллион рупий (6,8 млрд доллар) сарптайт.
Учурда, 10 миллион калкы бар Индонезиянын борбору Жакарта тездик менен сууга чөгүп жаткан шаарлардын бири. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай тездик менен суу каптай берсе 2050-жылга барып шаардын чоң бөлүгү суу астында калышы мүмкүн.