• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Шайлоо убагында иштеген 100дөй адам чарчоодон каза болду

24 Чын куран 20199:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Индонезияда шайлоодо жалпы шайлоо комиссиясынын 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканага түшкөнүн Antara агенттиги кабарлады.

Ал эми Индонезиянын полициясы 15 кызматкери каза тапканын маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясы төрагасы Ариф Будиман кызматкерлеринин өлүмүнүн себебин добуш берүү жана аларды саноо иштеринде иш убактысы бир күндөн ашык созулгандыктан алар алсырап, суй жыгылышкан деп билдирди.

Ал эми полиция кызматкерлери чарчагандыктан жана жол кырсыгынан каза болушкан.

17-апрелде Индонезияда шайлоо дүйнөдөгү ири шайлоолордун бири болуп калды. Өлкөнүн президентинен тышкары парламенттин мүчөлөрүнө дагы добуш беришти. 800дөн ашык добушкана иштеди. 192 млн шайлоочунун 80% добуш берди.

Будиман каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга 16-36 миллион рупий (болжол менен 80 миң сом) кенемте төлөп берүүнү сунуштады. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетүүгө убада берди.


Количество просмотров: 12