Бишкек ШИИБнин инспектору жана башкармалыктын басма сөз катчысы Мирлан Таалайбеков Горький көчөсү менен бара жаткан толугу менен караңгылатылган Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жол тандабасты токтоткон.
Алдыңкы жүргүнчү орундукта Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Айбек Алтынбеков отурган, анын айдоочусу айдап бара жаткан.
Инспектор ага жол эрежесин бузгандыгы боюнча протокол жазып, алдыңкы айнектин тонировкасын алып салууну суранган.