• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Инстаграмдагы баракчама күнүнө 2-3 сүрөт жүктөйм

11 Үчтүн айы 201810:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.18.Govori.TV

Жаңырган жылда кирип келди. Кыштын экинчи айы жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө белгилүү жылдыздардын жашоосу, чыгармачылыгындагы жаңылыктары баардык күйөрмандарына кызык. Бул жолу Govori.TV сайты соцтармак аркылуу элге таанылган ырчы Толгонай Арзыкееваны сөзгө тартты. Толгонай учурда чыгармачылыгымдын үстүндө иштеп жүргөн кезим дейт…

Саламатсыңбы Толгонай! Жаңы жылды кандай тосуп алдың?

Саламатсыздарбы! Рахмат, жаңы жылды быйыл башка жылдардан өзгөчөлөнүп жылуу үйүбүздө өзгөчө жакшы маанай  менен тилектерди айтып үй-бүлөмдүн курчоосунда тосуп алдым. Учурдан пайдаланып сиздердин кирип келген жаңы жылыңыздар менен куттуктайм.

Рахмат. Кышкы каникулду кайсы жактан өткөрдүң  учурда эмне менен алек болуп жүрөсүң?

Каникул айында баардык эле жаш өспүрүмдөр сыяктуу борбор калаабыздагы кинотеатрларга курбу кыздарым менен барганды жакшы көрөм. Мындан сырткары быйыл кычыраган кыштын күнүндө табиятыбыздын таза абасынан дем алып, өзгөчө энергия алып тоого барып лыжа тээп келдим. Ошол эле учурда каникул учурунда ар кайсы жаңы ачылган кафе-ресторандарга барып ырдаганга да үлгүрүп жаттым. Кудайга шүгүр жыл башындагы эс алуу күндөрүм эң жакшы өттү.

Чыгармачылыгыңда быйыл кандай жаңылыктарыңа күбө болобуз?

Буйруса күйөрмандарыма өзүмдүн жакшы-жакшы ырларымды, клиптеримди тартуулайм деген ниеттемин. Быйыл дагы жакшы жаңылыктарым менен күйөрмандарымды кубантам. Азырынча баардыгын ачык айтпай купуя сыр кылып сактап турайын, убагы келгенде күбө болосуздар. Жаңырган жыл  мен үчүн жакшы жылдардан болот деген ойдомун.

Соцтармак сен үчүн эмне? Инстаграмдагы баракчаңа күндө канча сүрөт жүктөйсүң?

Негизи социалдык тармактын туура  жагын алганга аракет кылам.Жаңы чыккан ырларымды же клиптеримди азыркы учурда баарынан актуалдуу болуп жаткан соцтармактардагы баракчама тагырагы инстаграмдагы баракчама жүктөйм.Негизи эле менин чыгармачылыгым ушул соцтармак аркылуу башталаган десем болот. Инстаграмдагы баракчама кээде күндө 2-3 сүрөт жүктөп калам. Кээде жумалап сүрөт жүктөбөй калган убактым да болот. Баары менин маанайыма жараша дегендей.  Баракчама жазылган баардык каалоо-тилектерди окуп аларга жооп бергенге аракет кылам. Кандайдыр бир сунуштар болсо инстаграмдагы баракчам аркылуу жооп берем.

Сенин жеке жашооңдо баарына кызык болсо керек

Жеке жашоомдо азыр ата-энемдин кичинекей эле жаш кызы болуп жүрөм. Учурдагы  багытымды чыгармачылык жака буруп жаткандыктан, чыгармачылык менен алектенип жаткан кезим.

Рахмат маегиңе. Чыгармачылыгыңа ийгилик!

Сиздерег да рахмат! Govori.TV  сайтынын окурмандарына ийгилик каалайм!

Количество просмотров: 28