Бишкек.18.12.17. Govori.TV
Азыркы заман интернеттин, социалдык тармактын доору. Ал эми социалдык тармактардын ичинен инстаграм баракчасы өзгөчө популярдуулукка ээ. Бул баракчанын Кыргызстанда 100 миңден ашык активдүү инста жылдыз колдонуучусу бар. Инстаграм аркылуу кайсы ырчылардын жылдызы жанган?
Инстаграм баракчасында өзгөчө үнү менен белгилүү болгон Толгонай Арзыкеева Despacito ыры аркылуу баракчасындагы досторунун санын көбөйткөн. Бул видеону баракчасынан 439 541 колдонуучусу көргөн. Учурда Толгонайдын инстаграмдагы баракчасында 206 миңден ашык досу катталган.
.
https://www.instagram.com/p/BWATf8Wj79f/?taken-by=tolgonai_arzykeeva
Инстаграм аркылуу жылдызы жангандардын катарын ырчы Аяна Касымова да толуктайт. Ал ырчы, композитор Жолдошбек Мамажановдун “Сүрөтүңө” аттуу ырын аткарып, интерент тармагында белгилүү болгон. Учурда Аяна Касымованын инстаграмдагы баракчасына 523 миңден ашык күйөрманы катталган.
https://www.instagram.com/p/0da358Ryxq/?tagged=аянакасымова
Инстаграмда mc_doncha деген ат менен катталган Данияр Токтомамбетов “Көз жашым өйдө агып жатты” деген ыры менен белгилүү болгон. Бул ырды оруссиянын белгилүү рэпери Тимати жактырып, mc_doncha “Пусть говорият” берүүсүнө чейин чакырылган. Мындай атактуулуктан кийин инстаграмдагы баракчасына катталгандардын саны көбөйүп учурда 478 миңден ашык күйөрманы бар. Инстаграмдагы видеолорун 900 миңге жакын колдонуучусу көрөт.
https://www.instagram.com/p/BMCLzxeh3At/?taken-by=mc_doncha
Инстаграмда 487 миң досу катталган Айыма Айылчиева да бул баракча аркылуу белгилүү болгон. Анын баракчасынан ар бир сүрөтү 30 миңден ашык лайк алса, видеолорун 100 миңден ашык инстаграм колдонуучулары көрөт.
https://www.instagram.com/p/xjCJdWyzXX/?taken-by=aiymaiylchieva