• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Инсульт алган жаңы депутат Насыр Мусаев ыйгарым укуктарын аткара алабы?

18 Чын куран 2018 16:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.04.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Мусаев Насыр Исмазович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Насыр Мусаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Насыр Мусаев жакында эле инсульт алган. Антты жандап келген адамдын жардамы менен берди.
Жогорку Кенештин басма сөз кызматы, жаңы депутат Насыр Мусаев майыптык коляска менен болсо дагы келип, ант берип ишке киришти, деген маалымат таратты.
«Сакайып анан келсе болмок, деп келекелегендерге жооп берип коюуну туура таптык. Депутаттык — бул бирөөлөргө берилген артыкчылык эмес, же болбосо кандайдыр бир мансап эмес. Бул эл өкүлчүлүк кызмат. Насыр Мусаев он миңдеген ден соолугу начар адамдардын өкүлү. Бүгүн ал ооруп атат, эртең буйруса сакайып кеткенде, саламаттыкты сактоо тармагына чындап күйгөн депутаттардын бири болуп калышы ыктымал. Жогорку Кеңештин депутаты сөзсүз түрдө бай, сулуу, чымыр денелүү спортсмен, сөзгө чечен, академик болушу шарт эмес. Өлкөбүздүн мыйзамдары боюнча ар бир атуул өзүнүн элинин өкүлү болуп шайланууга укуктуу»,- деп айтылат маалыматта.
Количество просмотров: 23