• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жумаев кызматынан бошотулду. Самаков ЖКда ант берди

27 Аяк оона 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

САМАКОВ АНТ БЕРДИ

Бүгүн, 23-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кубанычбек Самаков ант берип, депутаттык кызматына расмий киришти.

Ал Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып келген.

Аталган округда 10-сентябрда кайра шайлоо өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп добушту Самаков алган.

Эске салсак, аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ага Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышканы себеп болгон. Ал эми 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

ЖУМАЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Жумаев бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган.

Алтынбек Жумаев буга чейин Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан бошотулуп, Жумаев президенттин кеңешчиси болгон. Ал 7-канал телеканалын жетектегени дагы белгилүү.

16 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы бир сутканын ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2; Ош облусунда – 3; Чүй облусунда – 1; Жалал-Абад облусунда – 6; Ысык-Көл облусунда – 2; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 1 өрт кырсыгы катталды.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

Количество просмотров: 321