• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Инсультка алып келчү негизги 3 оору…

2 Жетинин айы 202314:46 Бишкек Govori.TV

Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы невропатологу Жамал Тургунбаев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда көпчүлүк учурларда инсультка алып келе турган эң негизги 3 ооруну атады.

Дарыгердин айтымында, алар — кант диабети, гипертония, атеросклероз.

«Тузду чектөө, артериялык кан басымды көзөмөлдөө, кыймылдуу жашоо образы, туура тамактануу бул оорулардын баарын, анын ичинде инсультту алдын алат. Инсульт менен күрөшүүгө караганда алдын алуу оңой», — деди ал.

Тургунбаев кошумчалагандай, Кыргызстанда инсульт менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн адистештирилген 138 керебет бар, алардын көбү Бишкекте — Улуттук госпиталда, №1 шаардык клиникалык оорукананын жана Тез жардам кызматынын базасында, Ош шаарында жана Нарын да атайын бөлүмдөр бар. Мындан тышкары 38 реанимация бөлүмү иштеп жатат.

Количество просмотров: 1898