• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Интеллектуалдык менчик фондунун башчылыгына Улан Сыдыков дайындалды  

10 Тогуздун айы 201811:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик фондунун аткаруучу директору Улан Сыдыков болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Улан Сыдыков 1977-жылы Ысык-Көлдүн Ан-Остон айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз мамлекетик улуттук университетинин “статистика” адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук статистика комитетинде адистик кызматынан баштаган. 2003-жылдан 2011-жылга чейин Финансы министрлигинде  иштеген. Андан кийин бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн аппаратында финансы жана кредиттик саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген.
Количество просмотров: 48