• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Интернетке спайс чегип алышкан делген студент балдардын видеосу тарады

7 Жалган куран 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.03.2019.Govori.TV.

Интернетке төрт адамдын ажаткананын ичинде жатканы тартылган видео тарады. Видео Бишкектеги окуу жайлардын биринин ажатканасында тартылганы айтылып жатат. Анда белгисиз адамдардын «бул биздин балдар эмес, «Тез жардам» чакыргыла» деп сүйлөгөнүн угууга болот.

Интернет колдонуучулары окуя Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетинин ажатканасында болгонун, алар спайс чегип алганын жазышууда.

Бул боюнча Бишкек шаардык милицияга кайрылганыбызда маалыматты тактап жатышканын кабарлашты.

Видео tuz.kg
Количество просмотров: 35