• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Интернетте Курманбек Бакиевге таандык жер тилкеси тууралуу маалымат жарыяланды (сүрөт)

3 Аяк оона 2021 15:11 Бишкек Govori.TV

 Интернетте Беларусь Республикасындагы Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү каттоосунун Бакиев Курманбек Салиевичтин атына таандык электрондук маалыматынын сүрөтү пайда болду. Анда Бакиевге 2020-жылы март айында «Кызматтык пайдалануу үчүн» грифи менен Минск облустук аткаруу комитетинин жергиликтүү башкаруу органы тарабынан жер тилкеси берилгени айтылат.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/34/1222434.source.280bec3618c51062954b8c66761e7b3a.jpg

45 сотых жер тилкеси Минск районунда жайгашкан. Документте ал жер атайын коргоого алынган «Минск деңизи» эс алуу аймагында жайгашканы жазылган. Ошондой эле картадан жер тилкеси Беларусь президентинин резиденциясынан анча алыс эмес жерде жайгашканын көрүүгө болот.

Азырынча интернетте пайда болгон бул электрондук маалыматтын чын-төгүнү белгисиз.

Количество просмотров: 800