• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Интернетте тараган аудиодо Сооронбай Жээнбеков ким менен сүйлөшкөн? Зулушевдин жообу

5 Бирдин айы 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда 2020-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анын алкагында журналисттер тарабынан октябрь окуяларында мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү социалдык тармактарга тарап, белгисиз адам Зулушев деген маалыматтар айтылганы белгиленип, чын-төгүнүн тактоо иретинде Башкы прокурорго суроо узатылды.

Анын айтымында, телефондогу сүйлөшүү боюнча кылмыш иши козголгон эмес.

«Телефондо бир саясатчы, депутат менен сүйлөшкөнү чындыгында чыккан. Бирок ал мен эмес. Биринчи күнү эле Зулушев менен сүйлөшкөн деп чыгышкан. А кийин баарына эле белгилүү болгон, ким экени. Эми, мен ал саясатчынын фамилиясын атабайын. Интернетте бар, кайрадан уксаңыздар, ким экенин билесиздер. Ал — депутат», — деди Зулушев.

Количество просмотров: 10960