• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Интервью учурунда мэр кабарчыга кол салды (видео)

28 Бугу 201917:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Хакасиянын Ширин районунун башчысы Сергей Зайцев «Россия- 24» каналынын кабарчысы Иван Литоминге кол салган. Бул видео материал телеканалдын сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, кабарчы чиновниктен өрттөн жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдүн начар абалы тууралуу сураган. Район башчысы Литоминдин микрофонун тартып алууга аракет жасап, журналистти жерге кулатып, “Жогол бул жерден!”,- деп кыйкырган. Натыйжада телеканалдын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн түртүп чыгарып салган.

Бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп, район башчысынын бул кылыгына этика комитетинде кароого убада бергени айтылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=KdANBt4jj_4&fbclid=IwAR2suvAtJKZ1RV-97Vh75YGJADQ2EdCW88ybJbIYTXf_8s4iUVUxqy2k3mY

Количество просмотров: 30