• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ипподромдо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

4 Тогуздун айы 2022 16:03 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Москва районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштагы, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 857