• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иракта кыргызстандык 78 бала бар экени такталды

14 Аяк оона 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталды. Алардын апалары түрмөдө отурат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азаттык» радиосуна билдирди. Аталары жөнүндө маалымат айткан жок.

Кыргыз өкмөтү балдарды мекенине кайра алып келип, медициналык-психологиялык реаблитациядан өткөрүүгө камынып жатат:

«Ар бир баланын тууганы табылды, «аларды кабыл алабыз деген макулдугу» алынды. Экинчи маселе — ар бир балага Ирак мамлекетине 400 АКШ долларынын тегерегинде айыппул төлөш керек экен. Бул акчаны премьер-министр жеке резервинен бөлүп берди».

Разаков Иракка 17 кишиден турган жумушчу топ жөнөтүлөрүн кошумчалап, алар мамлекттик органдардын кызматкерлери экенин айтты. Ирактан балдарды алып келүүгө учактын чыгымын эл аралык уюмдар көтөрүүдө. Бишкек уюштуруу иштерин бүтүрдү, Ирак балдарды мекенге кайтаруу иштери октябрдын башында ишке ашырууну сунуш кылган.

Сириядан аялдарды, балдарды алып келүү ишин уюштуруу жүрүп жатат. Бирок Разаков маселе Иракка караганда оор экенин айтып, Сириянын расмий өкүлдөрү согуш тутанган аймактардагы лагерлерге бара албай жатканы менен түшүндүрдү.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 89