• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ирактын президенти Тажикстанга расмий чакыруу алды

18 Чын куран 202316:37 Бишкек Govori.TV

Ирактын президенти Абдул Латиф Рашид Тажикстанга расмий чакыруу алды. Эмомали Рахмондун чакыруусун Тажикстандын Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдов жеткирди.

Ирак лидеринин басма сөз кызматы кабарлагандай, Абдул Латиф Рашид Тажикстандын элчиси менен жолугушуу учурунда дүйнөдөгү коопсуздук жана тынчтык үчүн эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу мамилени бекемдөө үчүн Багдадда Тажикстандын элчилигин ачуу зарылдын айтты.

Тажикстандын элчиси Зубайдулло Зубайдов Душанбе да диалогду бекемдөөгө жана Багдад менен эки тараптуу кызматташууну арттырууга ниеттенип жатканын билдирди.

Тажикстандын расмий басылмалары Ирактын президенти Душанбеге чакырылганы жөнүндө маалымат бере элек.

Количество просмотров: 79