Авиакырсыктан каза тапкан Иран президенти Ибрахим Раисинин жаназасы 23-майда Мешхед шаарында өтөт. Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури жарыялады.
Анын айтымында, жаназа имам Реза мавзолейинде өтөт. Чыгыш Азербайжандагы Тебриз шаарында президент менен коштошуу иш-чарасы өтөт. Андан кийин Ибрахим Раисинин сөөгү Кум, Тегеран, Бирженд шаарларына алып барышат. Аталган шаарларда да коштошуу иш-чаралары уюштурулган соң ыйык Мешхед шаарына жеткирилет.
Учурда Иранда президенттин өлүмүнө байланыштуу 5 күндүк аза күтүү жарыяланды.