• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иранда 17 жаштагы өспүрүм өлүм жазасына тартылды

30 Жетинин айы 2023 9:53 Бишкек Govori.TV

Иранда киши өлтүрүүгө айыпталган 17 жаштагы Хамидреза Азари өлүм жазасына тартылды.

Бул тууралуу Iran Human Rights (IHR) жана Hengaw укук коргоо уюмдары билдирди. Укук коргоочулардын айтымында, өкүм 24-ноябрда Сабзевар түрмөсүндө ишке ашты.

Кылмыш жасалды делген маалда – 2023-жылдын 28-апрелинде Азари 16 жашта болчу. IHR белгилегендей, мамлекеттик ЖМКлар аны 18 жашта деп көрсөтүшкөн.

Укук коргоочулардын айтымында, бул – жоопкерчиликтен качуу үчүн атайын жасалган аракет. БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясына ылайык, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр өлүм жазасына тартылышы мүмкүн эмес. Конвенцияга Иран да кол койгон.

Иранда кылмыш жоопкерчилигине канча жаштан баштап тартуу керектиги шарият мыйзамдары менен аныкталат. Кыздар үчүн бул 9 жаш, балдар үчүн 15 жаш.

IHR маалыматы боюнча, 2022-жылы Иранда кеминде 582 адам, 2023-жылдын жети айында 419 адам өлүм жазасына тартылган. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга көп.

Количество просмотров: 4162