• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Иранда 9-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды

9 Үчтүн айы 2020 9:48 Бишкек Govori.TV

9-январь Иранда мамлекеттик аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, бүгүн Иран эки окуяга байланыштуу аза күтүүдө.

«Аза күтүү Ирандын Кырман аймагында генерал Касем Сулеймани менен коштошуу зыйнатында тебелендиде калып каза болгондорго жана Иранда кырсыктаган украиналык Boeing 737 учагында каза тапкандарга арналат»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, «Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык «Боинг 737-800» 8-январда эртең менен Тегерандан учуп чыгары менен кулаган. Анда жети өлкөнүн жарандары бараткан. Борттогу 176 кишинин тогузу экипаж мүчөсү болгон, алардын баары көз жумган.

Количество просмотров: 68