• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иранда адеп-ахлак полициясы кайрадан иштей баштайт

18 Теке 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Ирандын бийлиги адеп-ахлак полициясынын күзөтүн кайрадан жандандырат. Бул чечим аялдарды жоолук же хижаб кийүүгө милдеттендирген нормаларды аткарууга багытталганы белгиленет.

16-июлда Иран полициясы билдирүү таратып, полициячылар ачык кийинип жүргөндөрдү көзөмөлдөй турганын эскертти. Буга чейин социалдык тармактарда бир катар шаарлардын көчөлөрүндө адеп-ахлак полициячыларынын унаалары жүргөнү тууралуу такталбаган маалыматтар пайда болгон.

«Азаттыктын» иран кызматы («Фарда» радиосу) жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылып, актер Мохаммад Садеги адеп-ахлак полициясы кармаган аялга байланыштуу сын айтканы үчүн камалганын жазды. Тегеран мэриясына байланышы бар гезиттердин бири актер күч органдарына каршы курал колдонууга чакырганына байланыштуу камалганын билдирди.

Иранда адеп-ахлак полициясы 2022-жылы сентябрда Махса Амини аттуу 22 жаштагы студент кыздын өлүмүнөн улам тутанган калайман нааразыктарга байланыштуу убактылуу токтотулган. Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деген айып менен камалып, жабык жайда көз жумган. Митингдер 1979-жылкы революциядан бери бийликке туулган эң чоң коркунуч катары мүнөздөлгөн.

Эл аралык уюмдардын эсебинде, демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болуп, 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза тапкан.

Нааразылыкка чыккан миңдеген активист камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылган.

Иранда 1979-жылкы революциядан кийин тогуз жаштан ашкан кыздар жана аялдар коомдук жайларда башын жапкан кийим кийүүгө милдеттүү деген мыйзам кабыл алынган. Хижабы жок же аны туура эмес кийгендерге айып салынат же камалат. Көчөдө башын толук жаппаган аялдарга кол салган учурлар да катталган.

Количество просмотров: 72