Өткөн аптада Иранда бензиндин чекене баасы дээрлик 50% га көтөрүлүп, бул массалык башаламандыкка жол ачты. Алгач митингчилер эски баасын кайтарууну талап кылышкан.
Бугүнкү күндө бери жагы дегенде, 40 шаарды анын ичинде Тегеранды башаламандык каптады. Ирандыктар мамлекеттик имараттарды өрттөп, жолдорго бөгөт коюп, тартип сакчылары менен түздөн-түз кагылышууларга барууда.
Эки тараптан жаракат алгандар менен каза тапкандар дагы бар. Тактап айтканда, жекшембиде укук коргоо кызматкери каза болгон. Мындан сырткары, ЖМКларда акыркы 2 сутка ичинде 25 адам каза тапканы айтылууда.
Учурда Иранда эмне болуп жатканы тууралуу толук маалымат жок. Бирок социалдык тармактарга жүктөлгөн видеолордон улам абал туруктуу эмес экенин көрүүгө болот. Азырынча бул митинг өкмөттү кулатууга алып келет деген божомолдор айтылууда.