• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Иранда үй жаныбарларын асыроого тыюу салынышы мүмкүн

20 Теке 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Иран парламенти үй жаныбарларын асыроого тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Документ кабыл алынса, үй жаныбарларын өкмөттүк комиссиянын атайын чечими менен гана асыроого уруксат берилет. Иранга кандай гана жаныбар болбосун, анын ичинде коен менен ташбакка алып киргендерге 800 доллар өлчөмүндө айып пул салынат. Иран бийлиги аларды чыгыш элдерине жат “батыш символу” деп эсептейт.

Иран ветеринарлар ассоциациясынын президенти Пайам Мохебидиндин айтымында, бул боюнча дебаттар он жыл мурун эле башталган. Ал кезде мыйзам долбоору кабыл алынган эмес, бирок кайра-кайра талкууланып турган. Иранда консервативдүү маанай күчөп тургандыктан мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда ит менен мышык гана эмес, үй жаныбарларынын башка түрлөрүн да асыроого тыюу салуу каралган.

Количество просмотров: 103