Казакстан кечээ, 24-мартта кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулардын экинчи бөлүгүн өткөрө баштады. Кыргызстандык айдоочулар Ирандан транзит менен Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу өлкөгө келе жатышат. Бул тууралуу Республикалык штабдандан кабарлашты.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда казак-россия чек арасынын «Котяевка-Курмангазы» пункту аркылуу Казакстандын аймагына 19 унаа (экинчи колонна) жөнөдү. Алар өлкөгө Казакстандын патрулдук полиция кызматынын коштоосуна келет.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги транзиттик коридор казак тарап жактан уюштурулганын маалымдады.
Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулардын маселеси чечилип жатканын билдирип, алардын бир бөлүгү Азербайжан, Россия, Казакстан аркылуу транзиттик коридор менен өтүшөрүн айткан болчу.