• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Иранда нааразылык акциясына катышкан дагы бир киши дарга асылды

13 Бештин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

12-декабрда Иранда «коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөн» деп соттолгон Мажидреза Рахнавард эл алдында дарга асылды. Муну менен бул өлкөдө бир жумага жетпеген убакыттын ичинде өкмөткө каршы демонстрацияларга байланыштуу экинчи өлүм жазасы ишке ашырылды.

Сот бийлигинин Mizan Online маалымат агенттиги кабарлагандай, Мешхед шаарындагы революциялык сот аны «Кудайга каршы согуш ачкан» деп айыптагандан кийин жазага тартылды. Рахнавард ноябрдагы нааразылык акциялары учурунда «Басиж» аскердик полициясынын өкүлдөрүнө бычак сайган деп кармалган.

8-декабрда күч кызматкерин жарадар кылган деп айыпталган активист Мохсен Шекариге «Кудайга каршы согуш ачкан» деген кине тагылып, дарга асылган.

Ирандын революциялык соту жарандарга адвокат тандоого, аларга каршы далилдерди көрүүгө уруксат бербей жатканы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Ирандагы нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгондо өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланган.

Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Адам укугун коргоочулардын HRANA маалымат агенттиги 500гө жакын адам өлгөнүн, 19 миңдейи кармалганын жазды. Ошондой эле 61 коопсуздук кызматкери каза болду.

Количество просмотров: 60