• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Иранда өткөн нааразылык акциялары учурунда 200дөн ашуун киши өлдү

3 Бештин айы 2019 9:44 Бишкек Govori.TV

Иранда күйүүчү майдын кымбатташына каршы өткөн нааразылык акциялары учурунда 208 киши өлгөн. Бул тууралуу 2-декабрда “Эл аралык мунапыс” иликтөө бөлүмү билдирди.

Батыштагы булактар курмандыктар мындан да көп болушу ыктымал экенин эскертүүдө. «Нью-Йорк таймс» гезити 450 киши мерт болгонун жазды.

Иранда толкундоо өкмөт бензиндин баасын 200% көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң, 15-ноябрда башталган. Ал 100гө чукул шаар-кыштакка жайылганы кабарланган.

Азыр аймакта Интернет өчүрүлгөндүктөн окуялар боюнча толук маалыматтар жок. Толкундоо полиция бөлүмдөрүнө чабуул коюу, май куючу жайларды өрттөө, дүкөндөрдү тоноо менен коштолду.

Жакынкы Чыгыштагы “Эл аралык мунапыс” иликтөө бөлүмүнүн директору иран бийлиги өз жарандарына каршы үрөй учурган операция колдонгонун айтып, эл аралык коомчулукту кан төгүүгө жооптуу кишилерди айыптоого үндөдү.

Укук коргоочулар “Эл аралык мунапыс” тарабынан текшерилген видеожазууларда куралсыз кишилерге ок атылган учурлар бар экенин билдиришүүдө. Маалыматтарга караганда, иран бийлиги курман болгондордун туугандарына эскертүү берип, журналисттер менен сүйлөшүүгө, аза күтүү зыйнаттарын өткөрүүгө тыюу салган.

Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда беш киши каза таап, 180 адам кармалган.

Количество просмотров: 139