• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иранда украин учагынын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу 10 аскер кызматкери соттолду

17 Чын куран 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Иранда 2020-жылы январда Украинанын жүргүнчү ташыган учагынын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу 10 аскер кызматкери түрдүү мөөнөттөргө соттолду. Бул тууралуу Mizan Online басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Абадан коргонуу бөлүгүнүн командири он жылга, анын кол алдындагы кызматкерлери бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөттөргө кесилди. Сот командир абалды туура эмес баалап, жүргүнчү учакты душмандын согуштук учагы деп эсептеп, аны атып түшүрүү буйругун берген деп тапты.

2020-жылы 8-январда Ирандын Абадан коргонуу күчтөрү «Украин аба жолдору» авиакомпаниясынын Тегерандан Киевге учкан учагын атып түшүрүп, борттогу 176 адамдын баары каза болгон. Ирандын бийлиги алгач учакты атып түшүргөнүн моюнуна албай, төрт күндөн кийин гана бул кокустук болгонун билдирген. Бул окуя ирандык генерал Касем Сулейманинин АКШнын аба соккусунан мерт болгонуна байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турган учурда болгон.

Учактагы жүргүнчүлөрдүн көбү Канаданын жана Ирандын жарандары болгон. Алардын арасында 11 украин жараны да болгон. Ирандын бийлиги ар бир өлгөн жүргүнчүнүн жакындарына 150 миң доллардан кенемте сунуштаган. Бул суммага бардыгы эле макул болгон эмес.

Теги:
Количество просмотров: 69