• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Иранда жер титирөөдөн 816 киши жабыркады

30 Үчтүн айы 20239:05 Бишкек Govori.TV

Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясындагы жер титирөөдөн 816 киши жабыркап, бери дегенде эле үч киши өлдү.

Бул тууралуу IRNA агенттиги провинциянын губернатору Мухаммад Садег Мотамедянга шилтеме жасоо менен билдирди.

Анын маалыматына караганда, 124 киши ооруканага жаткырылды. Буга чейин бийлик эки шаарда жана 70 айылда турак жайлар 20 пайыздан 50 пайызга чейин зыянга учураганын кабарлаган.

Күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө 28-январда болгон.

Количество просмотров: 97