• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ирандагы кыргызстандык айдоочулар президент Жээнбековго кайрылышты

9 Жалган куран 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Айдоочулар мамлекет башчыга кайрылып, коронавирус күчөп жаткан өлкөдөн Түркмөнстан же Азербайжан аркылуу чыгарып кетүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул тапта Ирандан мекенине кайтып келе албай жаткан кыргызстандык айдоочу Нурлан Сайпидинов билдирди. Анын айтымында, кайтып келе албай турган айдоочулар күн сайын 45 тумандан айып пул төлөөгө милдеттүү.

«Визанын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу биз ар бир өтүп кеткен күн үчүн 45 миң тумандан төлөйт экенбиз. Элчиликтин кызматкерлери келип, «мейманканага барып түнөгүлө» деп кеңеш берди, бирок ал да оңой эмес акча. Ошондуктан машинеде түнөөгө туура келип жатат. Тамак-аштан да кыйналып жатабыз», — деди ал.

Айдоочунун айтымында, Ирандагы Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөр ал жакка келген айдоочуларын чыгарып кетишкен. Өткөн айдан бери чек арада кармалып турган айдоочулардан Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин өкүлдөрү марттын башында кабар алышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Түркмөнстандын чек арасында 76 айдоочу карантинде кармалып турганын билдирди. Алар Иранда коронавирус тез жайылып, Түркмөнстан бул өлкө менен чек арасын жапканга байланыштуу артка кайта албай калган. Министрлик айдоочуларды Кыргызстанга алып келиш үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 86