• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ирандагы нааразычылык акцияларында кеминде 201 киши каза болду

13 Тогуздун айы 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

Иранда жалпы улуттук нааразычылык маалында кеминде 201 киши каза болду, арасында 23 бала бар. Бул тууралуу Ослодо жайгашкан Iran Human Rights укук коргоо уюму билдирди.

Уюм нааразылыкты басууда өтө катаал ыкмалар колдонулуп жаткандыктан, жаңы курмандыктар болушу ыктымал экенин эскертти.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини кармап кеткен. Анын абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесүүдө. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар бар.

Теги:
Количество просмотров: 86