• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ирандагы жол кырсыгынан 28 оогандык көз жумду

14 Жетинин айы 2019 17:55 Бишкек Govori.TV

ILNA маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын түштүк-чыгышындагы жол кырсыгынан 28 ооган жараны каза тапты. Ошондой эле дагы 21 киши жаракат алган. Эки кичи автобус кагышкан окуя ноябрдын башында Систан-Белужистан провинциясынын Хаш шаарына жакын жерде болгон. Бул тууралуу эми гана маалым болуп отурат.

Кырсык болгон жолду адам сатуу менен алектенген топтор тышка кеткиси келген ооган мигранттарын мыйзамсыз өлкөдөн чыгарыш үчүн да колдонушат.

Иранда жыл сайын жол кырсыгынан 17 миңдей киши көз жумат.

18-июлда Ирандын борбордук бөлүгүндөгү жол кырсыгынан 18 адам мерт болуп, 14 киши жаракат алган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 48