Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүүгө жардам берген экинчи милиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев 30 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 2 уул, 1 кызы калды.
Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн , Ноокат РИИБде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп, үзүрлүү эмгектенип келген.
Буга чейин Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев күйүк алып, каза болгон.