• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Иса Өмүркулов уулу катышкан жол кырсыгы боюнча үн катты

16 Бугу 2021 22:02 Бишкек Govori.TV

Депутат Иса Өмүркулов уулу Азамат Өмүркуловдун катыштыгы бар деген жол кырсык тууралуу айтып берди.

Буга чейин айрым ЖМКлар депутаттын уулу Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедченди сүзүп кетүүгө шектелип жатканын жазышкан. Ошондой эле айдоочунун канынан баңгизат табылганын да маалымдашкан.

Иса Өмүркуловдун айтымында, окуя анча коркунучтуу болгон эмес.

«Уулум наркоман эмес. Бул жөнөкөй эле окуя. Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул. Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок», — деди ал.

Эске салсак, депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсык болуп, үч киши көз жумган. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган.

Количество просмотров: 2650