• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Исаев: Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө парламент баа бериши керек

12 Кулжа 201910:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө парламент баа бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 12-июнда жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты.

«Башкы прокуратура, Финпол, Ички иштер министрлиги тиешелүү иш алып барбай жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурунку президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек»,-деди эл өкүлү.

Исаев Атамбаевдин 8-июнда өткөн митингде сүйлөгөн сөздөрү боюнча өз пикирин айтып, кескин сынга алды.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

Азырынча депутаттын билдирүүсүнө мурдагы президент тараптан комментарий боло элек.

Количество просмотров: 13