• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Исаев: Ишенбөөчүлүк боюнча имиштерди гана угуп жатам

28 Тогуздун айы 2020 13:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар спикер Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатканы тууралуу маалымат айтылды. Буга байланыштуу төрага Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатат деген имиштерди гана угуп жатам. Болушу мүмкүн. Бирок так мен кол койдум же кол койгон жокмун деген депутаттардын сөзүн уккан жокмун. Демилгелеп жаткандардан оюн угабыз», — деди Исаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары спикер Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатышканы тууралуу маалыматтар тараган. Маалыматтар боюнча анын ордуна депутат Талант Мамытов дайындала турганы да кабарланган эле.

Количество просмотров: 81