• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Исаевдин эркиндикке чыгышы бийлик менен байланышы жок. Сузакта 5 жаштагы кыз дайынсыз жоголду. Соңку жаңылыктар 19.07.18.

19 Теке 2018 13:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.07.2018. Govori.TV

Исаевдин эркиндикке чыкканы бийлик менен байланышы жок

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин бийликти күч колдонуп басып алуу жана массалык башаламандык уюштуруу ниети болгон эмес. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшебаев билдирди. Анын айтымында, Канатбек Исаевдин Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. «Соттун чечими менен Канатбек Исаевдин камактан чыгарылып, үй камагына которулушуна жакшы баа беребиз. Башка саясий туткундардын маселеси дагы алардын пайдасына чечилет деп үмүт кылабыз. Канатбек Исаев эч кандай басып алууларды даярдаган эмес. Ал мыйзам чегинде жүргөн тартиптүү жаран. Мурунку бийлик аны саясатчы катары жоготуу максатында саясий тапшырык ыкмасын колдонушту. Мен Канатбек Исаевдин эркиндикке чыгышы үчүн эч кандай соодалашуу жана сүйлөшүү болбогондугун ишендирип кетем», — деди Кеңешбек Дүйшебаев.

Күйүүчү жана майлоочу майдын баасы көзөмөлгө алынат

Күйүүчү жана майлоочу майдын баасы көзөмөлгө алынат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бааларды турукташтыруу маселеси боюнча кеңешмеде тиешелүү органдарга ушундай тапшырма берди. Ал бензин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктүн кымбатташына алып келерин, баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө зарыл экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттун басма сөз кызматы кабарлады.

Сузакта 5 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 5 жаштагы дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 18-июлда саат 12:00 чамасында Сузак районунда Кара-Алма айыл аймагынын Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987-жылы туулган Ж.А. (атасы) аттуу жаран өзүнүн 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган. Өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан, кечинде ӨКМге кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында ӨКМдин №58 Өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн. 19-июлда саат 06:00дө, издөө иштерине кошумча ӨКМдин №59 Өрт куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Издөө иштерине жалпы 23 адам тартылган.

Количество просмотров: 7