• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Исаков: Кырдаал уланса ЖОЖдордо жайкы сессия онлайн түрүндө өтөт

3 Чын куран 2020 9:50 Бишкек Govori.TV

Магистратура, жогорку окуу жайларга да онлайн кабыл ала алабыз деп ойлойм. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди.

«Жогорку окуу жайлар боюнча айтсам. Бир топ алдыңкы жогорку окуу жайлар буга чейин да дистанциялык билим берүүнү ишке ашырып келишкен. Муну мындан ары да жакшыртуу, дыккат иштеп чыгуу тапшырмаларын бердик. Эгер ушул кырдаал уланып кетсе жайкы сессия да онлайн түрүндө өтөт. Бул кырдаалга карабастан бизде план бар болчу, ЖОЖдорго кабыл алууну электрондук форматта өткөрүү деген. Бүтүрүүчү өлкөнүн кайсы аймагында жашабасын өзүнүн улуттук тестинин жыйынтыгын жөнөтсө университеттер карап көрмөк. Класстан класска көчө турган жыйынтыктоочу экзамендер кандай тапшырылат, бүтүрүү экзамендери кандай тапшырылат. кырдаалга карата чечилет»,-деди министр.

Количество просмотров: 207