Жарасул Абдураимов “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат ишкананын расмий сайтына жарыяланды.
Анда кадрдык дайындоону Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 11-апрелде Министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашып жасаганы айтылат. Жаңы жетекчини ушул эле күнү “Кыргызалтындын” жамаатына премьер-министрдин орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Эске салсак, “Кыргызалтын” компаниясын буга чейин экс-депутат Умбеталы Кыдыралиев жетектеген.
Жарасул Абдураимовдун өмүр баяны:
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич, 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы. Свердловскийдеги Киров атындагы Урал политехникалык институтун “электрондук жабдуулардын инженер-механиги” адистиги боюнча бүтүргөн.
1990-жылдардан тарта өлкөбүздөгү ири заводдорду жетектеп келди. 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин “Кумтор Голд Компани” ЖАКта эмгектенген. Директордун жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча орун басары, ошондой эле”Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген.
Экономика өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.
Азия өнүктүрүү банкынын “Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү- мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу” долбоорунда Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт болуп иштеген.
2019-жылдын май айынан сентябрь айына чейин КРнын Экономика министринин коомдук башталышта кеңешчиси болгон.
2020-жылдын октябрь айнан 2021-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенип келди.