«Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын депутаттары Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүшүп, жыйынга жарандар кирбей калган. Бул тууралуу Гульгакы Мамасалиева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
«Абдан өкүнүчтүү! Депутаттар Исфанада жабык жыйын өткөрүп, жабыркаган жарандарды киргизбей койду! Суукта эшик сагалап турушат! Эл өкүлдөрүбү же эт өкүлдөрүбү?», — деп жазат ал.
Белгилүү болгондой, депутаттар менен жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 12 жаран жаракат алган. Жаңжалдын келип чыгуусуна Тажикстандын жарандары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышканы себеп болгон.