• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Иш менен таанышкан жокпуз». Абактагы Жээнбеков, Дүйшөбаев, Молдокматов кайрылуу жолдоду

16 Баш оона 2023 14:44 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов материалдар менен тааныша албай жатканын айтып, кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, прокуратура кызматкерлери “жашыруун сырды” негиз кылып иштин материалдарын толук бербей жатат.

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 253-беренесине ылайык, тергөө аяктагандан кийин бардык материалдар менен, анын ичинде жашыруун сырды түзгөн материалдар менен дагы айыпталуучуну толук тааныштырат. Бул учурда «жашыруун сырды камтыйт» деген материалдардан көчүрмө алууга жана жазып алууга укуктуубуз. Тилекке каршы, бул иш боюнча бизге сыр болгон жана болбогон дагы материалдардын көчүрмөлөрүн алууга тыюу салышты. Ал эми жашыруун деген документтерди конверттерге салып, аларды жада калса, ачтырбай жатат. Жыйынтыгында биз иш менен толук таанышкан жокпуз”, — деп айтылат кайрылууда.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Количество просмотров: 107