• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ишкерди уурдап кетип 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды

11 Бештин айы 202119:07 Бишкек Govori.TV

Түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ичинде Кыргызстандын жарандары, ИИМ кызматкерлери жана чет элдиктер бар.

«УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн тергөөнүн натыйжасында, С. Д. аттуу түркиялык ишкерди уурдоону өзүнүн эле А.Б. аттуу досу жана бизнес өнөктөшү уюштурганы аныкталган. С.Д. Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген. Аны документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча такап коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Кийин уурдагандар А.Б. аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 400 миң доллар алууга макул болуп ишкерди бошотушкан»,-деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облустук милициянын «Манас» аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 1040