• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Искандер Гайпкулов президенттик аппараттын бөлүм башчысы болду

8 Бирдин айы 202122:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Буга чейин бул кызматты Иманалиев Данияр Шаршенбекович ээлеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ордунан бошотулду.

Количество просмотров: 630