Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV
Бүгүн, Бишкек шаардык сотунда соттолуучу мурдагы айыл чарба министри Искендер Айдаралиевдин саламаттыгы кескин начарлап, сотко төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы отурумду 10-майга жылдырды.
Соттук териштирүү экс-депутат Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон мыйзамсыз жер тилкесин ээлик кылуу боюнча болуп жатат. Бүгүн шаардык сотто соттолуучуларга акыркы сөз берилип, андан соң сот чечими чыкмак.
Мурдараак, биздин агенттикке экс-депутат Эсенгул Исаков маалымат берип, “Сыягы бүгүн өкүм чыгарышат окшойт, биздин байкашыбызча, жаман жагына иш ооп баратат. Соттор дале бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатат. Кооомчулукту, Президентти колдоого чакырам”,-деп кайрылган.