Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев жетектеп турган учурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.
Мындай демилгени депутат Нурбек Сыдыгалиев 18-июнда айтып чыкты. Ал депутаттык комиссия УКМКнын ишмердигин карап, саясий баа бериши керектигин кошумчалады.